Эсенгул Исаков: Коалициялык макулдашууга 5-сентябрда кол коюу пландалды

Депутат Эсенгул Исаковдун айтымында, жаңы коалициялык макулдашууга кол коюунун 5-сентябрда болуусу пландалууда.

Эске сала кетсек, коалициялык көпчүлүккө КСДП, "Ар-Намыс" жана "Ата Мекен" кирди. Коалиция лидери Феликс Кулов болду.

Исаковдун айтымында, комитеттердин курамы да ошол эле күнү талкууланат. Депутаттар ошол эле күнү спикер кетеби же калабы деген суроону чечишет.

Парламентарий башка фракциялардын депутаттары макулдашуунун жардамы менен кошула аларын билдирди: алар спикерге добуш берип жана өздөрүнүн талапкерин өкмөткө сунуштай алышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД