Билим берүү башкармалыгы: Киши башына финансылоо билимди жакшыртат

Киши башына болгон финансылоого өтүү билим берүүнүн сапатын жакшыртат. Бул туурасында бүгүн, 3-сентябрда, "ВБ" менен Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Ольга Брызгалова пикирин бөлүштү.

Анын айтымында, киши башына болгон финансылоого өтүү билим берүүнүн сапатын жакшыртып, тарбиялоого, анын жыйынтыгына жана окутуунун шарттарына болгон талапты катуулатат.

"Мындай шартта бардык окуу уюмдары заманбап билим берүү үчүн болгон шарттарды түзүүгө жана жаңычылдыктарын киргизүүгө кызыкдар болот. Аны менен катар эле мугалимдерге айлык акы мурдагы эмгекке төлөп берүү системасына эле ылайык кошулат",-деп айтты чиновник.

Мындан сырткары Брызгалова, окуу пландарды оптималдаштыруунун жыйынтыгында алынган каражаттар, мугалимдердин ишинин сапатына түрткү берүү үчүн жумшаларын айтты.

Башкармалыктын жетекчиси, ошону менен катар эле киши башына жасалуучу камсыздоо класстарда окуучулардын көбөйүп кетишине эч кандай таасирин тийгизбей тургандыгын айтты. Мындай көйгөй мурунтадан эле болуп келген жана аны чечүүгө кандайдыр бир кардиналдык жол талап кылынарын айтты.

"Бишкектин муниципалдык мектептеринде өткөн окуу жылдын аягында 102 340 бала окуган, ошону менен катар эле мектептердин долбоордук кубаты 73 656 окуучулук орун эле. Шаар азыр кошумча окуу орундарына муктаж, натыйжада, дагы кошумча 16 окуу жайлары керек" ,-деп жыйынтыктады Брызгалова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД