"Ушундай кантип мүмкүн болсун?" деген аталыштагы анимациялык тасма тартууланат

15-сентябрда, "Манас" кинотеатрында "705" чыгармачыл тобу, "Ушундай кантип мүмкүн болсун?" деген аталыштагы анимациялык тасма тартуулайт. Анда Борбордук Азиядагы аялдардын абалына байланышкан тема чагылдырылган.

"Бир жыл аралыгында мультфильм тартылып бүттү. Жыйынтыгында жарым сааттык серия кылып, шарттуу түрдө 3 бөлүккө бөлүп койдук: "Ашканадагы окуялар", "Мунун баары болбогон нерсе", "Патриарх". Аталган серияларда аялдардын дүйнөсү ашкана менен байланышкандыгы көрсөтүлөт",- дейт чыгармачыл топтун жетекчиси Марат Раимкулов "ВБ" га берген маегинде.

Анын айтымына караганда, аталган серия "Бир дүйнө" даректүү тасмалардын сынагына катышат. Аталган фестиваль ушул жылдын 24-сентябрынан 28ине чейин болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД