Аңгылерди айдаш керек. Карып эле калыптыр, карыганда калжаңдабай жөн эле отурбайбы. Сакалыңды сыйлайын дечү беле...
Бир сөз менен айтканда сөз жок
Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунда зордуктоого аракет кылган деген айып менен 61 жаштагы жаран кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Жашы бир топко барып калган адамдын курмандыгына Ысык-Көл облусунун 32 жаштагы тургуну айланган. Дүйшөмбү күнү, 10-сентябрда, Краснознаменная көчөсүндөгү үйдөн жаран аялга кол салып, аны зордуктоого аракет кылган.
Биринчи Май райондук ИИБнын кызматкерлери кылмышкерди изин суутпай кармашты. Маалыматка караганда, ал буга чейин адам өлтүрүү фактысы боюнча соттолуп чыккан.