Мессарош көчөсүндө айдоочу окуучу кызды сүзүп кетти

Мессарош көчөсүндө автоайдоочу баланы сүзүп кетти. Бул жөнүндө укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, 66 жаштагы айдоочу - Бишкек шаарынын тургуну, "Тойота Секвая" автоунаасын айдап баратып, Мессарош көчөсүнөн жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Жол кырсыгынын натыйжасында 6-класстын окуучусу шаардын бейтапканасына, оң бутунан жабыркады деген диагноз менен жеткирилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД