Жантөрө Сатыбалдиев Кумтөргө барат

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 1 октябрда, Ысык-Кол облусу боюнча болгон иш сапарынын алкагында Кумтөр алтын кенине токтолот.

Ал жерден өкмөт башчысын президент жана Centerra Gold Inc. директорлук кызматынын башкы аткаруучусу Ян Аткинсон жана "Кумтор Оперейтинг Компани" ЖАКдун президенти Майкл Фишер тосуп алышат.

Иштин жүрүшүндө Сатыбалдиев алтын кенинин борбордук карьерин, алтын иштетүүчү фабриканы, калдыктарды сактоочы жайлардын дамбаларын, агын сууларды тазалоочу фабриканы жана башка объектилерди карап чыгат.

Ушул эле күнү премьер-министр Ак-Суу районунун тоо-кен ишканаларынын: "Шахта Джергалан" ААКдун, "Сары-Жаз Минерал Компани", "Жыргалан-Доргокомур", "Централ Эйжа Тин Компани", "Дреза", "Минерал Трейд"дердин ишмердүүлүгү менен таанышат.

2 октябрда Сатыбалдиев Түп-Кеген жол курушулу, Чолпон-Атадагы тазалоо түтүкчөлөрүнүн ахвалы менен таанышып, "Курменцемент" заводуна, Балыкчыдагы "Водоканал" муниципалдык ишканага барат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД