Алмазбек Атамбаев Абдуллах Гул менен жолукту

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркиянын Президенти Абдуллах Гүл менен жолугушту. Бул туурусында КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

2012-жылдын 30-сентябрында Анкара шаарында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасынын президенти Абдуллах Гүл менен жолугушту.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелер жакшы багытта өнүгүп жаткандыгын белгилешти. Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев жана Абдуллах Гүл эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдоо боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын президенти Абдуллах Гүлгө сыркоолоп калгандыгына карабастан, 22-23-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келип, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин саммитине катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өз ара кызматташууну эң жогорку дэңгээлде жүргүзүү тууралуу макулдашышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД