Ажылык-2012 сапары башталды

Кечээ, 2-сентябрь күнү Манас аэропортунан Сауд Аравиядан алынган слотторго (учуу тизмеси) ылайык, бир дагы күн жана саат кечикпестен 2012-жылдын ажылык сапарынын биринчи авиакаттамы ишке ашырылды, деп билдирет Кыргызстан мусульмандарынын дин башкармалыгынан.

Салт болуп бара жаткан жөрөлгө боюнча абалкы каттамдын зыяратчыларын, муфтияттын жана ажылык боюнча Республикалык штабдын жоопту кызматкерлерин жетектеген, Азрети муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев өзү узатты.

Аэропорттогу кызматтардын бардыгы түшүнүк көргөзүп, Азрети муфтий жана журналисттерге учакка чейин киргенге уруксат берип иш-чараны ММКда кеңири чагылдыганга өбөлгө түзүштү.

Мекке жана Мадина шаарларындагы Ислам дининин ыйык жерлерине кетип жаткан зыяратчылар 49 кишиден турган 4 топ менен, жалпысы 196дан адам бир "Эйрбас-310" учагында ташылып башталды.

Мурунтан маалым болгондой бул каттамдарды, тендерди жеңип алган "КыргызТрансАвия" компаниясы, ирандык "Махан-Эйр" авиакомпаниясынын ижарага алынган учактары менен ташымакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД