Алмазбек Атамбаев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Алмазбек Атамбаев республикабыздын педагогдорун кесиптик майрамы –Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент куттуктоосунда мугалим – дүйнөдөгү эң ардактуу кесип, "мугалим" деген сөз ар бир адамда ыраазычылык, сый-урмат сезимдерин жаратат, деп айтылат.

"Тарыхыбыздын эң татаал мезгилинде Сиздер ишти таштап кетпей, мугалимдик кесипти аркалап келдиңиздер. Турмуш оорчулугун сабырдуулук менен жеңип, жаш кыргызстандыктарга билим, тарбия берүүдө болгон күч-аракетти жумшадыңыздар. Сиздер Кыргызстандын келечеги үчүн өмүрүңөрдү арнадыңыздар!", - дейт президент куттуктоо сөзүндө.

Президент ошондой эле жакынкы арада Кыргызстанда мугалимдер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөөрүнө ишенээрин айтат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД