Садыр Жапаровдун жактоочулары Жалал-Абаттан тарапкерлерин күтүүдө

"Эгер Жалал-Абаттын тургундары Бишкекке келсе биз митингге чыгабыз", - деп Садыр Жапаровду коргоо комитетинин төрагасы Кеңеш Жумабаев "ВБ"га билдирди.

"Митинг борбордук "Ала-Тоо" аянтында эмес, "Ата-Журт" партиясынын штабынын жанында болот. Эгер жалалабаттыктар бүгүн келбесе, комитеттин мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Түп районуна барып, Жапаровду колдоо митингин өткөрөт", - дейт Жумабаев.

"Жапаровду коргоо комитетинин курамында 500дөй киши бар. Алар депутатты колдошот", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД