Алмазбек Атамбаев УЕФАнын президенти Мишель Платинини менен жолукту

Кечээ, 9-октябрда Алмазбек Атамбаев Европа футбол ассоциацияларынын биримдигинин (УЕФА) президенти Мишель Платини менен жолукту. Бул тууралуу КР президентинин маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуу учурунда Кыргызстанда футболдун ѳнүгүүсү тууралуу маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда футболго, спортко кызыгуунун өсүп аткандыгын белгиледи. "Сиз футболдун тирүү легендасысыз", - деди Алмазбек Атамбаев.

"Мен Кыргызстанда биринчи ирет болгонума абдан кубанычтамын. Биз Кыргызстандын футбол боюнча улуттук федерациясына техника жана окутуу боюнча жардам берүүгө даярбыз," – деди Мишель Платини.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД