Бишкектеги жол кырсыктан эки киши каза болду

Борбор калаада катталган жол кырсыктан эки киши каза болду. Бул тууралуу шаардык ИИББнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Хонда-Фит" машинасынын айдоочусу Патрис Лумумба көчөсү аркылуу кетип баратып, рулду башкара албай жол жээгинде турган реклама темирин сүзгөн. Кесепетинен 29 жаштагы айдоочу ошол жерден эле каза болгон. Ал эми 18 жаштагы жүргүнчү ооруканага баратканда үзүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД