Сабировдун соттук угуу иши мамлекеттик айыптоочу ооруп аткандыктан болбой калды

Бүгүн, 10 октябрда, коррупциялык иштер боюнча айыпталган мурдагы социалдык өнүгүү министри Равшан Сабировдун жана анын жардамчысы Тахир Мирзаахмедовдун соттук угуусу болмок. Бирок сот мамлекеттик айыптоочу Асаналы Иманбековдун ооруп аткандыгына байланыштуу ишти кийинкиге калтырды.

Сот Кымбат Архарова жыйындын башталышында мамлекеттик айыптоочу кечээ ооруп калганын билдирди. Тараптар соттук угууну кийинкиге жылдырууга макул болушту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД