Токон Мамытов насыя берүүнүн исламдык системасын киргизүүнү сунуштады

"Ар Намыс" фракциясынын депутаты Токон Мамытов Кыргызстанда насыя берүүнүн исламдык системасын киргизүүнү сунуштады. Ал мындай сунушту фракциялашы Улукбек Кочкоровдун кыймылсыз мүлккө күрөө жөнүндө мыйзам долбооруна альтернатива катары сунуштады.

Эске салсак, демилгечи депутат Улукбек Кочкоров микрофинансылык уюмдардын карыз алуучунун күрөөгө койгон акыркы турак-жайын соттун чечими жок алып коюуга тыюу салууну сунуштоодо.

Мамытовдун айтымында мыйзам долбоордун максаты жакшы бирок, жолу туура эмес. Ал Кыргызстанда батыштын банк системасынын ордуна чакан насыя берүүнүн ислам принциби ишке ашса туура болорун айтат.

"Эгер Кочкоровдун толуктоолорун кабыл алсак, анда банктар калкты каржылоону токтотот. Насыя берүүнүн ислам принциби – адамкерчиликтүү. Алар карыз алгандардын насыясын кайтарып берүү боюнча банктардын ишин эске алышат", - дейт ал.

Мамытов ошондой эле батыштын насыя берүү принциптери менен иштеген чакан насыя берүүчү уюмдар карыз алуучулардын банкка көп каражат төлөөсү үчүн аларды көбүрөөк кул кылууга кызыктар,- деген оюн билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД