Узакбаев комитет башчылыгынан бир тууганынан улам кетти

"Ар Намыс" фракциясынын депутаты Талант Узакбаев парламенттеги агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликүү башкаруу комитет төрагалыгынан бир тууган байкеси Айыл чарба министри болгондуктан өз ыктыяры менен кетти. Бул тууралуу аталган фракция депутаты Айнуру Алтыбаева "ВБ"га берген маегинде билдирди.

Эске салсак, 6-сентябрда Чынгызбек Узакбаев Айыл-чарба жана мелиорация министри болуп дайындалган.

"Талант Узакбаев мыйзам боюнча, саясый маданият жагынан да бир тууганы айыл-чарба министри болгондуктан комитет төрагалыгынан кетип туура кылды", - дейт Алтыбаева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД