Жапаровдун тарапкерелери Ысык-Көлгө барып жеринде үгүт иштерин жүргүзөт

Садыр Жапаровдун тарапкерлери Ысык-Көлгө барып жеринде үгүт иштерин жүргүзүүнү чечишти. Бул тууралуу Садыр Жапаровду коргоо комитетинин төрагасы Кеңеш Жумабаев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында комитеттин мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Түп районуна барып, МУККнын убактылуу кармоочу жайында камалган Садыр Жапаровду колдоо үчүн үгүт иштерин жүргүзүгөт.

"Митинг жана Бишкекке болгон жөө жүрүш качан болорун ошол жерден чечебиз", - дейт Жумабаев.

"ВБ" буга чейин Садыр Жапаровдун жактоочулары Жалал-Абаттан өз тарапкерлерин күтүп аткандыгын кабарлаган эле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД