"Залкар Банкты" сатуу мөөнөтү декабрга чейин узартылды

Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) адистеринин сунушу менен "Залкар Банк" ААКын сатуу мөөнөтү ушул жылдын декабрь айына чейин узартылды. Бул тууралуу ЭВФ миссиясынын жетекчиси, Жакынкы Чыгыш жана Орто Азия мамлекеттери боюнча бөлүмдүн жетекчи орун басары Кристиан Беддис Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Банкты сатуу боюнча мөөнөт эмнеге узартылгандыгын Беддис так айткан жок. Буг чейин "Залкар Банкты" сатуу сентябрга белгиленген болчу.

Миссия жетекчиси "Залкар Банкты" сатуу ачык-айкын өтүшү керектигин билдирди. "ЭВФ банкты сатуу программасын ишке ашырууда көмөк көргөзөт. Бул программанын алкагында июнь айынын аягында ЭВФ кызыктар болгон 200 инвесторго билдирүү жөнөткөн", - дейт Беддис.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД