Курултайдын катышуучусу: Бишкек ШИИБнин алдына нааразычылык акциясына чыгабыз

"Биз Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн имаратынын алдына нааразычылык акциясы менен чыгабыз", - бул тууралуу "Манас айылы" комплексинде өтүп аткан курултайдын катышуучусу Кубат Осмонов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында милиция кызматкерлери белгисиз себептерден улам курултайдын үч катышуучусун кармап кеткен.

"Кармалгандардын экөө "Асаба" партиясынын мүчөсү, үчүнчүсү "Кыргызстандын жаңы күчү" кыймылынын мүчөсү", - дейт ал.

Ал ошондой эле курултайдын катышуучулары өлкө президентине уюштурулган иш-чара боюнча резолюцияны тапшырарын жана курултайдын 3 катышуучусу эмне себептен кармалгандыгын билүү үчүн Бишкек ШИИБине барарын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД