Дарыгер: Психиатриялык ооруканаларды дары менен камсыздоо "Африкадан да төмөн"

Эларалык эксперттер Кыргызстандагы психиатриялык кызматты дары менен камсыздоону "Африкадан да төмөн" деп баалашты. Бул тууралуу Республикалык психикалык саламаттык борборунун директор орун басары Сабира Мусаева Психикалык саламаттык күнүнүн урматына уюштурулган тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, быйыл психитроптук каражаттар башка керектүү дарылар сыяктуу эле өтө аз бөлүнгөн.

Мусаеванын айтымында республика боюнча диспансердик бейтаптардын саны 51 миң кишиге жетет. 2011-жылы эле психикалык оорусу бар делип 7 миң киши каттоого алынган.

Ал ошондой эле өлкөдө бир да мамлекеттик реабилитациялык борбор жоктугун кошумчалап, эл аралык долбоор жана гранттын негизинде иш алып барган борборлор бар экенин белгиледи.

"Психиатриялык ооруканалардын материалдык-техникалык базасы начар, оңдоо иштерин жүргүзүүгө каражат жок", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД