Ташиевдин тарапкерлери кайтадан президент менен жолугушууну каалоодо

"Ак үйдүн" алдында "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери митингге чыгышып, кайтадан президент менен жолугушууну каалоодо.

Митингге 70дей киши чогулду. Темир торго камакка алынган депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотуу талаптары жазылган плакаттарды илип алышкан.

Учурда топ өткөрүү пунктуна жол алышты. Топтун ичинде кемпирлер да бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД