Ташиевдин "баш оорусу" бийликтин "гемороюна" айландыбы?

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгү башталгандан бери өлкөдөгү саясый күчтөрдүн активдешүүсү күчөп бара жатат. Мурунку жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо көңүлкоштук кылып, жер-жерлерде "Республика" партиясына мөрөйдү алдырып, жергиликтүү бийликке болгон таасири төмөндөп кеткен Алмазбек Атамбаевдин КСДПсы, бул сапар жеңишке жетиш үчүн "барын" салып, абдан катуу тураары, керек болсо "балит технологияларды" колдонуудан да кайра тартпастыгы айтылууда.

Бул, бекер сөздөр эмес. Экинчи борбор аталган Ош шаарынын кеңешин "Улуттар биримдиги" партиясы утуп алып, Мелис Мырзакматов "канга салам бербей" турган жагдайда, борбор калаа Бишкекти колдон чыгаруу, ансыз да бийлигин бекемдей албай, катуу убаракерчиликке тушугуп турган Алмаз Атамбаев үчүн "өлүмгө" тете десек жаңылышпаспыз.

Кеп чынында, өлкөнүн калкынын төрттөн бирине жакыны жашап, кыргыз мамлекетинин экономикасынын негизин түзүп турган борбор калаанын кеңешине болгон шайлоодо бийлик партиясынын утулушу, президенттик бийликтин абройун кескин төмөндөтөөрүндө шек жок. Түштүк тарапта кадыры жокко эсе болуп, жеткиликтүү бийлик жүргүзө албай жаткан кезде түндүктүн электоратынан да ишеним ала албаса кандай болот? Албетте анын кесепети оор болот. Толук кандуу бийлик жүргүзө албай, айткан убадаларын аткар албай, жүдөп, элди да кыйнап, өзү да кыйналаары шексиз. Андыктан, Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоо Алмаз Атамбаев үчүн "знаковый" иш чара. Керек болсо, так ушул Бишкек шаардык кеңешине болчу шайлоодо кедерги болбошу үчүн Өмүрбек Бабановду тездик менен премьер-министирликтен кетирүү кажет болгону азыр ачыкталды десек болот. Муну эбак түшүнгөн Бабановдун Атамбаевге катуу ич күптүлүгү бар экени "Республика" фракциясына толук маалымдалып, элге тарап кетти.

Ошентип, марафон башталды. Боршайкомдун маалыматы боюнча 17 партия атсалышчудай болуп турат. Фавориттер катары КСДП, "Республика", "Ата Журт", "Ар-Намыс", "Замандаш" партияларынын аты аталууда. Мурунку жергиликтүү шайлоолордо марага илинбей калган "Ата Мекен" партиясын, Өмүрбек Текебаевдин "15-20 мандатты чапчып жыгылам" дегенине деле карабай, серепчилер "атамекенчилерди" фавориттерге кошоор түрү жок.

Айрым билермандар, "бул шайлоодо "Республика" партиясы КСДПга негизги атаандаш болот" деген билдирүүлөрдү да таратып жибергенге үлгүрүштү. Ошондо, акча каражаты жагынан кенедей да каржалбай турган Өмүрбек Бабанов чындап эле Алмазбек Атамбаев менен "эр одарышка" чыккысы барбы (?), деген ой туулат.

Бабанов башбакан кезинде ишенимдүү түрдө партиянын шайлоо фондуна каражатын төгүп жаткандардын катары азыр сээлдеп, айрымдары акчасын кайра сурап жатканына караганда, анын кызматтан кетиши окуяга башкача таасир берген сыяктуу. Бул жагдай "Бабановго да өз таасирин тийгизбейт" деп да, ишенимдүү айта албайсың. Андыктан, кандай деген күндө да, ал тактикасын өзгөртүүгө мажбур.

Президент, "Республиканы" шайлоого жолотпогула, бул сапар утулсаңар мага кайрылып келбей эле, ошондон ары кете бергиле" деп, Жантөрө Сатыбалдиев менен Иса Өмүркуловду катуу зекип, тапшырма бергени чын болсо, анда "Республика" партиясынын шансы кескин төмөндөөрү шексиз. Бирок, саясый зарылчылык үчүн гана "садага чабылып" туталанып турган жаш олигарх, бул саясый өнөктүккө кыргыздар айткандай "жөн эле" катышайын деп жаткан жок. Акыркы кездерде, Таластык жердеши Өмүрбек Суваналиев менен катуу ымалалашып, Феликс Куловдун "Ар-Намыс" партиясы менен кызматташууга дилгирленгенине караганда, ал, "Республиканы" жаналакетке түшүп иштеп жаткандай "имитация" жасатып, "бийликтин дөбөттөрүнө" тытмалатып коюп, экинчи бир "темный лошадкага", маселен "Ар-Намыска" ставка жасайт" деп болжолдоого толук негиз бар. Себеби ал, катуу саясый оюн салып, өзүн таарынткандар, саткандар менен эсептешкиси келип турат. Анын, өзүн кызматтан кетиргенге негизги салымы бар делген Феликс Кулов менен бириккени жаткандыгына караганда, ал өз тагдырына "балта чапкан" ким экенинен күмөндөнбөйт көрүнөт. Андыктан, аны "оңой менен оюндан чыгат" деш, жаңылыштык болот.

Азыркы учурда, президент менен экс-башбакан "сылык, сыпайы" мамиле кармагансып турганы менен, ортодо айтылбаган таарынычтар тоодой. Президент, "сени кетирген мен эмес, коалицияны Феликс Кулов менен Өмүрбек Текебаев бузбадыбы" деген ырын улантып, өзүнүн ролун такыр моюндагысы жок. "Сен жашсың, дагы деле иштешебиз, чыда, күтө тур" деп резинаны чоюп жаткандай. Анын, убакытты өткөрүп, арты баягы "обещанное три года ждут" кылып, унуткарып туруп, "кидать" эткени жатканын түшүнгөн Бабанов деле ишенген кишиче баш ийкемиш болуп коюп, өз билгенин кылганы жатканы ачык байкалууда. Анткени ачык конфронтация азырынча экөөнө тең керек эмес. Эрте.

Бабановдун активдүү аракеттери Атамбаевдин картасын бузуп, кыжырына тийип, арты катуулап кетиши, натыйжада жаш олигархка карата укук коргоо органдары тарабынан чаралар көрүлүп, кылмыш иштери козголуп, камакка алуу сыяктуу иш чаралар башталып кетиши да толук мүмкүн. Ошондуктан, жогорудагы жүйөөлүү себептерди эске алган талдоочулар КСДПнын негизги атаандашы катары "Ар-Намыс" менен "Ата Журт" партияларын аташууда.

Орус тилдүүлөр менен киргиздер басымдуу болгон жерде Феликс Куловдун шансы өтө жогору экенин бийлик башынан билет. Ал эми, түштүктөн түрө оошуп келип Бишкекти орой конуш алган жүз миңдеген ички мигранттар, шайлоо өнөктүгү "шаңдуу" уюштурулган жагдайда, "Ата Журт" партиясына салбайт деп ким кепил боло алат. Камчыбек Ташиев да тигинтип саясый туткунга айланып түштүктүн элин дүүлүктүрүп таштады. "Ата Журттун" ишенген кожолору түгөл камалганынан улам, каржы табылбай, иш аксап калбаса, бул партия "Ар-Намыс" менен бирге КСДПга негизги атаандаш болуп, бийликтин "баш оорусуна" айланаарында шек жок.

Ал эми, бийликтин партиясынынын шансын төмөндөөтүчү факторлор, - бюджеттин тартыштыгы, баалардын кымбатташы, элдердин нааразычылыгы, кыш-күрөө сыяктуу маселелер деле, бүгүн оңчулуктуу эмес. Акыркы оппозициянын демаршын, камакка алууларды, адегенде Ташиев, Жапаров, Мамытов, Кожоналиев, Дыйкановдордун эле "баш оорусу" катары кабылдап жаткан коомчулуктун пикири өзгөрүп, окуяга "бийликтин геморойу" маанисинде баа бериле баштады. Коомдун саясатташуусу күчөп, бийликтин рейтинги төмөндөгөндөн төмөндөй бере турган болсо, алдыда келе жаткан шайлоодо КСДПнын абалы кескин начарлашы да толук мүмкүн. Буга КСДПдан бийликти жулуп алгысы келгендердин, б.а. шайлоого катышкандардын баарынын, биргелешип каршы чыгаарын да кошсоңуз КСДПга бооруңуз да ооруп кетет!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД