Кыргызстандык кикбоксерлер дүйнөлүк кубоктун ээси болушту

Украинанын Ялта шаарында өткөн дүйнөлүк кубокто Кыргызстандын үч кикбоксеру үч алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын кикбоксинг федерациясынын башкы машыктыруучусу Жанбулат Амантаев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында Алексей Федосеев, Улан Касымбеков жана Акылбек Усенов дүйнөлүк кубоктун ээси болушту. Ал эми күмүш медалга Сталбек Даркамбаев жана Алтынбек Эсенбек уулу ээ болушту.

Кикбоксинг боюнча коло медалды Мирлан Ибраимов, самбо боюнча Марат Мустафакул уулу багындырышкан. "Спортчулар кечээ кечинде келишип, азыр эс алушууда. Кыргызстандык спортчулар жалпы жонунан канча медал алгындыгы тууралуу маалымат кийинчерээк маалымдалат", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД