Мыйзамсыз ыргытылган таштанды үчүн айып пулду 15 миңге чейин көтөрүү сунушталуу

Өкмөт туура эмес жерге таштанды таштагандар үчүн айып пулду 15 миң сомго чейин көтөрүүнү сунуштоодо. Административдик кодекске тийиштүү толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамагенттигинин директору Сабир Атажанов парламенттин жыйынына алып чыкты.

Анын айтымында учурдагы мыйзамга ылайык таштанды ыргыткандыгы үчүн айып пул 5 сомдон 10 сомго чейин каралган. "Биз толуктоолордо айып пулду эсептик көрсөткүчтөн 100дөн 150гө чейин көтөрүүнү сунуштап атабыз. Бул болжол менен 15 миң сомду түзөт. Ал эми юридикалык жактар үчүн анын көлөмү бир топ жогору болот", - дейт ал.

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Токон Мамытов башкы экологдун сунушун колдоого алды. "Мен башка көгөйлөргө да көңүл бурууну суранам. Мисалы жеке үйлөрдө мончо жагыш үчүн желим, эски дөңгөлөктөрдү жана пакеттерди жагат. Бул сыяктуу аракеттер экология чоң зыян алып келет. Бирок айып пул 50 сом бойдон калууда. Андыктан буга да көңүл буруу керек", - дейт ал.

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина шаардын тазалыгын да көз жаздымда калтырбоого чакырды. Анын айтымында жаштар, өзгөчө студенттер түкүрүнүп, көчөгө көптөгөн таштандыларды ташташат.

Ал эми оппозициялык "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Надира Нарматова шаарды каптап кеткен желим баштыктарга көңүл бурууга чакырды. "Шаар пакеттерге толуп кетти. Алар экологияга зыян алып келүү менен шаардын көркүн бузууда. Бул көйгөйдү кантип чечүүнү пландап атасыңар", - деп суроо салды эл өкүлү.

Атажанов бул көйгөйдү чечүү каралып атканын белгиледи. "Кагаз пакеттерди колдонуу менен желим баштыктарга альтернатива табуу сунушталууда", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД