Курултайдын катышуучуларын аукционду үзгүлтүккө учуратууда күбө катары кармашкан

Курултайдын катышуучуларын КТРКдагы аукционду үзгүлтүккө учуратууда күбө катары кармашты. Бул тууралуу кармалгандар өздөрү "ВБ"га билдиришти.

Кармалган "Асаба" партиясынын мүчөсү Жолдошбек Орозовдун айтымында аны элдик курултай өткөрүү учурунда кармашкан. Бишкек ШИИБ кызматкерлери аны эмне үчүн кармап келишкенин түшүндүрүшкөн.

"Мени КТРКнын түз эфиринде аукционду үзгүлтүккө учуратууда күбө катары кармашты. Мен аукционго катышкам, бирок аны үзгүлтүккө учураткан эмесмин", - дейт ал.

"Кыргызстандын жаңы күчү" элдик кыймылынын теңтөрагасы Кубат Токсобаев аны буга чейин кармашканын жана КТРКдагы аукционду үзгүлтүккө учураткан деп айыпталып атканын "ВБ"га билдирди.

"Свердлов райсотунун токтому менен мени үй камагына чыгарышкан. Мага кылмыш кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен айыптат атат", - дейт Токсобаев.

Ошондой эле камакка алынган "Асаба" партиясынын мүчөсү Асылбек Чолпонбаевди Бишкек ШИИБнин кызматкерлери күбө катары суракка алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД