Кыргызстанда Футзал боюнча өлкөнүн лигасы түзүлдү

Кыргызстанда футбол лигасынын үлгүсүндө өлкөнүн Футзал боюнча лигасы түзүлдү. Бул тууралуу демилгечи топтун мүчөлөрүнүн бири Ырыскелди Мусаев "ВБ" интернет-редакциясына билдирди.

Анын айтымында аталган лига Азия футбол конфедерациясынын жана өлкө чемпионатынын жогорку лига командаларынын талабы менен алардын курамы катары түзүлдү. Лига Кыргызстандын жогорку жана биринчи лига чемпионаттарын уюштуруу менен алектенет. Ошондой эле Кыргызстандын кубогун да уюштурат.

"Биздин лига өзүнүн ишмердигин өлкөдө ийгиликтүү баштаган Футбол лигасынын анологу. Биздин лига чемпионат жана кубокторду өткөрүү деңгээлин көтөрүү менен алектенет", - дейт Мусаев.

Демилгечинин айтымында бүгүнкү күнү лига Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, уставы иштелип чыккан. Лиганын президентин, вице-президентин жана аткаруучу директорун шайлоо калыстардын, команда делегаттары жана башка өкүлдөрдүн катышуусу менен 12-ноябрда өтөт.

Эске салсак, 2011-жылы Кыргызстандын футболдук лигасы түзүлгөн. Анын президенти Дастан Конокбаев. Учурда футболдук лига жогорку жана биринчи лига командалары арасында Кыргызстандын чемпионаттарын уюштуруп келет. Ошондой эле лига өлкөнүн кубогун жана супер кубогун уюштуруп келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД