Бир суткада өлкө аймагында 11 өрт катталып, Нарында 6 кой күйдү

Жарандык коргоонун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоонун алдын алууга 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Бишкек шаарында – 4, Чүй жана Ош облусунда – 2ден, Талас жана Нарын облустарында – 1ден өрт катталса, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталган.

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Көк-Дөбө айылынын тургуну Экенбаевдин 15 тонна чөбү, 6 баш кою, камыш менен жабылган бастырмасы күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Ал эми Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак аймагындагы машина оңдоочу жайында Бадировдун "Опель Вектра" үлгүсүндөгү машинасы өрттөнгөн. Алдын ала маалымат боюнча өрт электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан чыккан. Өрт чыккан жерде жумушчу Улукбек Абдураимжановдун (1983 ж.т.) колу ,бети, мойнунан 16-18% II-III даражада күйүк алып, облустук ооруканага жеткирилген .


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД