Билим берүү министри мектептердин 70 пайызы көмүр менен камсыздалганын айтты

Жылуулук берүү сезонуна карата Кыргызстандагы мектептердин 70 пайызы бүгүнкү күнү көмүр менен камсыз болгон. Бул тууралуу ШКУ мамлекеттеринин билим берүү министрлеринин IV жыйынында КР билим берүү министри Канат Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, каражат маселесинен улам толугу менен камсыздоо ишке ашпай атат.

Ал ошондой эле эгер кошумча каражат бөлүнсө, бардык мектептер көмүр менен камсыз болорун кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД