Исмаилова: Кыргызстан - сыйкырчылардын өлкөсү

Мурдагы Социалдык өнүгүү министри Равшан Сабировдун иши боюнча күбө Гүлайым Исмаилова суракта жабырлануучу катары өтүүнү каалайт. Бул тууралуу Исмаилова "ВБ"га 10-октябрда билдирди.

"Мен баш аламандык болуп атканын түшүндүм. МУКК Башкы прокуратура менен сүйлөшүп алып, эмнегедир мени күбө кылууну чечишиптир. Мен документтердин көчүрмөсүн карасам, ар бир барагында менин арызым, менин түшүндүрмөм, менин кошумчаларым жүрөт. Эмнеге мындай болуп калды? Кыргызстан – сыйкырчылардын өлкөсү. Жабырлануучуну күбө катары суракка да алса болот. Мен бийликте отургандардын баарын күнөөлөйм. Анын (Сабировдун. – vb.kg) бардык жерде колдоочусу бар, ал байкалууда", - дейт Исмаилова.

Анын айтымында, кылмыш иши козголгондо ал жабырлануучу катары суралып атам деп ойлогон. Бирок, соттун биринчи отурумундагы суракта ал күбө катары суралып атканын билген. Ал 12-сентябрагы өзүнүн айткандарын шок абалында болгондуктан жарым-жартылай эстеп атканын айтат.

Исмаилованын адвокаты Кантемир Турдалиев жакынкы күндөрү жактоочусунун айткандарын сотко өтүнүү кат ирээтинде жиберет.

Исмаилова – Сабировдун иши боюнча алгачкылардан болуп МУККга арыз жазган.

Эске салсак, Сабиров балдарды асырап алуу менен алектенген чет элдик компаниядан ири өлчөмдө пара алган деп шектелүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД