Депутаттардын сурамдарын парламент сайтына жана ЖМКга жарыялоо сунушталды

"Коомчулук кимдин кандай иштеп атканын билүү үчүн депутаттардын бардык сурамдарын жана арыздарын парламенттин сайтына жана ЖМКга жарылап туруу керек". Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев билдирди.

Анын айтымында акыркы чакырылыштагы депутаттар министрликтерге жана ведомстволорго 1 625 сурам жөнөткөн. "Кимдир бирөө мындай сурам жөнөтүү менен шайлоочулардын көйгөйүн чечип атса, көпчүлүгү кандайдыр бир маалыматтарды билүү үчүн сурам жөнөтүп, өз көйгөйлөрүн чечип атат", - дейт Тербишалиев.

Ал ошондой эле депутаттардын сурамдарын, каттарын, арыздарын Жогорку Кеңештин сайтына жана ЖМКга жарыялап туруу керектигин айтып, депутаттар эмне менен алектенип атканын коом билип турушу керектигин белгиледи. "Парламент ачык орган. Анын ишмердиги ачык болушу керек. Сунуш кылган демилге демократиянын көрсөткүчү", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД