Т.Бакир уулу: Түштүк Кореяга турмушка чыгуу үчүн кыздар дале болсо кетүүдө

"Түштүк Кореядагы 60 жаштагы эркектерге турмушка чыгуу үчүн Кыргызстандан кыздар дагы деле болсо кетип атат", - деп Жогорку Кеңештин жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу билдирди.

Анын айтымында, алты ай мурда Жогорку Кеңеш эларалык нике агенттиктерин рекламалоого тыюу салуу боюнча токтом кабыл алган. "Эч нерсе өзгөргөн жок. 60 жаштагы эркектерге турмушка чыгуу үчүн 18-19 жаштагы кыздар дале болсо Түштүк Кореяга кетип атат. Алар кийин ажырашып көчөдө калууда. Түштүк Кореяда жашаган кээ бир мекендештер аларга жардам беришет. Алар же мекенине келе албай, же элчиликке кайрыла алышпайт. Жогорку Кеңештин эларалык нике агенттиктерин рекламалоого тыюу салуу токтому иштеп же иштебей аткандыгын текшериш керек", - дейт Турсунбай Бакир уулу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД