Жалал-Абатта 28 аял ачкачылыгын улантууда

Жалал-Абатта 28 аял депутаттарды колдоо үчүн ачкачылык акциясын улантууда. Бул тууралуу Жалал-Абат обладминистрациясынын маалымат катчысы Мунарбек Жоргомов "ВБ"га билдирди.

"Алардын үчөө ооруканада медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Боюнда бар депутаттын жактоочусу ооруканага жеткирилгенден кийин үйүнө жөнөтүлдү", - дейт Жоргомов.

Ал ошондой эле боз үйдүн жанында "тез жардам" кызматынан кызматкерлери нааразычылык билдиргендердин ден соолугун текшерип турганын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД