Депутаттардын үйүнө видеокамера коюну суранышты

КСДП фракциясынын депутаты Гүлнара Жамгырчиева депутаттардын үйүнө видеокөзөмөл коюну суранды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 11-октябрдагы жыйынында билдирди.

Ал депутаттардын кызматтык үйүндө тазалык, тартип жана коопсуздук маселеси курч турганын айтат. Ал жогорку кабаттан кимдир бирөө бир киллограмдык ташты кызынын машинасынын үстүнө таштап жибергенин айтат. "Коңшулар жинденүүдө. Мен төрагадан кызматтык үйгө кайтарууну жана видео көзөмөлдү күчөтүүнү суранам", - дейт Жамгырчиева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД