Депутат Атамбаевден жүргүзүп аткан саясатынан баш тартууга чакырды

"Прездент Алмазбек Атамбаев азыркы жүргүзүп аткан саясатынан баш тартышы керек", - деп Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Равшан Жээнбеков билдирди.

"Бүгүн Атамбаев аткаруучу бийликтин башчыларын – сот, мыйзам чышаруучу бийлик бутактарына өз кишилерин алып келүүдө. Мамлекет демократиялык нук менен өнүгүү үчүн бийлик бардыгына бирдей бөлүнүп, баланс сакталышы керек. Президент бүгүн жүргүзүп аткан саясатынан баш тартышы керек", - дейт Жээнбеков.

Ал мамлекеттин калыптанып жана жашап кетиши үчүн эң биринчи кезекте мыйзамдуулук болушу керектигин белгиледи. "Депутат тарабынан жасалган мыйзам бузууга башканы жабыштырбаш керек. Бул стабилдүүлүккө алып келбейт. Албетте, биз депутаттар мыйзам чегинде иш кылышыбыз керек, бирок бийликти басып алууга аракет кылган деп үч депутатка бирдей айып коюлушу туура эмес", - дейт депутат.

Эл өкүлү ошондой эле коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиевдин жана "Асаба" партиясынын лидери Салмоорбек Дыйканбаевдин кармалыш туура эмес экендигин белгиледи. Алар тынчтык митингине гана катышканын айтып, алардын камалышында митингге катышуу жана өз оюн билдирүү боюнча укуктар бузулганын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД