Бишкектин мектептеринин биринде окуган окуучу кыздар рэкетчиликке шектелүүдө

Октябрь райондук милиция кызматкерлери мектеп окуучулары арасында коркутуп акча алуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБина 8-класста окуган окуучулардын алты ата-энеси шаардык мектептердин биринде коркутуу фактысы бар экендиги тууралуу кайрылган. Алар окуу жылы башталгандан бери тогузунчу класстын окуучу кыздары алардын кыздарынан акча алып келгендигин айтышкан.

Коркутуп акча алуу фактысы боюнча шаардык мектептин 9-классында окуган 4 кыз Октябрь райондук ИИБинин өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору тарабынан табылган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД