"Республика" партиясынын 95 мүчөсү шаардык кеңешке талапкер

Бүгүн "Республика" саясый партиясынын шаардык III партиялык конференциясы болду. Анда жашыруун добуш берүү менен Бишкек шаардык кеңешке талапкерлер тандалды.

Эсептөө палатасынын эсеби боюнча "Республика" партиясынын 95 мүчөсүнүн тизмеси бекиген. "Макул" деп съездин 202 делегаты добуш берсе, "каршы" деп эки делегат добуш берген. Бир делегат эч бирине добуш берген эмес.

Эске салсак, 95 талапкердин 30 пайызын аялдар түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД