Экс-депутат: 3-октябрдагы митингди Бакиевдин кошоматчылары каржылаган

"3-октябрдагы митингди Бакиевдин кошоматчылары каржылаган", - деп Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Байкожоев маалымат жыйында билдирди.

Ал журналисттердин "бул божомолбу же фактыбы" деген суроосуна: "Бул сокурга деле көрүнүп турбайбы. Менин тажрыйбама ишенгиле", - деп жооп кайтарды.

Ал митингди уюштуруучулардын бири Садыр Жапаровду мыйзамсыз аракеттери үчүн күнөөлөдү, ошондой эле анын "Ысык-Көл инвест банкын" тартып алгандыгын да айтты.

Эске салсак, 3-октябрдагы "Кумтөрдү" улутташтыруу боюнча митинг "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаров тарабынан уюштурулган. Митингден 12 киши жараат алып, депутаттар – Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор камакка алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД