Болот Байкожоев: Садыр Жапаров мамлекеттен 46 млн. сомду жашырган

Садыр Жапаров мамлекеттен Акаевдин туугандары менен чогуу Караколдон 180 млн. сомду жашырган. Анын 46 млн. сомум жеке өзү жашырган. Бул факты боюнча 2004-жылы кылмыш иши козголуп, бирок ал депутат болгондон кийин иш токтотулган. Бул тууралуу мурдагы депутат Болот Байкожоев маалымат жыйында билдирди.

Экс-депутаттын айтымында ал кылмыш ишин козгоо боюнча башкы прокуратурага кайрылган. Ал 3-октябрда кармалган депутат Жапаровду "жасалма, коррупционер жана ууру", - деп атады.

"Эгемендикти алганыбызга 20 жыл болсо да, ар сапар деградацияга түшүп атабыз. Жапаров учурунда Жогорку соттун чөнтөгүн шайлоого жардам берген, Ташиевдин тууганын төрага шайламак. Бул реванш жолу, качан алар өзүнүн профессионалдуулугун жана акылын көргөзө албаганда, башка жолго барышат", - дейт Байкожоев.

Ал өзүнүн бул айткандарына толугу менен жада калса кылмыш жоопкерчилиги алдында да жооп бере аларын айтат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД