Бабанов: Шаардык кеңешке шайлоодо президент админресурсту колдонууга жол бербейт

Алмазбек Атамбаев алдыдагы шаардык кеңешке болчу шайлоодо КСДП партиясына административдик ресурстарды кодонууга жол бербейт. Мындай пикирин "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов журналисттерге билдирди.

Экс-премьер министр Атамбаев менен административдик ресурстарды колдонууга мүмкүн эместиги тууралу сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин айтат.

"Биз бир нече жолу жолуктук жана мен андайга жол бербөө керектиги тууралуу айтам. Биз административдик ресурсту колдонуу акыры эмнеге алып келерин көрдүк. Бул шайлоо биригүү, ачыктыктын башталышы жана демократиялык шайлоо болушу керек. Шаардыктар шаарды өзгөртө ала турган партияга добушун берсин. Биздин шаар Кыргызстандын борбору – кооз жана таза болушу керек", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД