Башкы прокуратура Төлөгоновдун катыштыгы бар 13 талап-тоноо фактысын ырастайт

Башкы прокуратура 2010-жылдагы апрель окуялары учурунда "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Райкан Төлөгөнов, Туратбек Мадылбеков жана Өмүрбек Текебаевдин тийиштиги бар 13 талап-тоноо фактысын ырастайт. Бул тууралуу талап-тоноону иликтөө боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын жыйынында Башкы прокуратуранын өкүлү Орузбек Бердибеков билдирди.

"Кылмыш иши козголду. Абдулла Юсуповдун жана башкалардын аракеттеринде кылмыш иштеринин элементтери бар. 8 талап-тоноо фактысы боюнча үй ээлеринен арыз түшкөн жок", - дейт ал.

Эске салсак, 15-августта "Республика" фракциясы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттарга 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноо иштери боюнча атайын тасманы көргөзгөн. Суракка алынган Абдулла Юсупов "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Райкан Төлөгонв жана анын баласы Мусага каршы көрсөтмө берген.

Талаш жараткан тасмадан кийин Жогорку Кеңештеги 5 фракция депутаттарынан турган атайын комиссия түзүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД