"Республика" Бишкек шаар мэрлигине талапкерин тандай элек

"Бишкек шаар мэрлигине ким талапкер боло тургандыгы шаардык кеңешке болгон шайлоо аяктагандан кийин айтууга болот", - деп "Республика" партиясынын аткаруучу комиссиясынын жетекчиси Досаалы Эсеналиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, шаардык кеңешке эң аз дегенде үч партия сунуш кылынат, алар коалициялык түрдө тапшырмаларды аныкташ керек.

"Ошондуктан щайлоонун жыйынтыктарын күтөбүз, андан кийин башкаларын пландайбыз. Ошондой эле Бишкек шаар мэрлигине талапкер да каралат", - дейт Эсеналиев.

Ал ошондой эле өз партиясынан талапкерди чыгаруу ниети бар экенин айтып, мындай каалоо ар бир партияда бар жана ал кадимки катардагы көрүнүш экенин белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД