Башкы прокуратура: Юсуповду Төлөгөновдун баласы сабагандыгы тууралуу далил жок

Абдулла Юсуповду Муса Төлөгөнов жеке мамилеси боюнча сабагандыгы тууралуу далилдер жок. Бул тууралуу 2010-жылдан 7-8-апрелиндеги талап-тоноочулук фактыларын иликтөө боюнча комиссия жыйынында Башкы прокуратуранын өкүлү Орузбек Бердибаев билдирди.

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманбек Осмоновдун айтымында, Төлөгөновдун баласы Муса тергөөчүнүн кабинетине кирип барып Юсуповду бир муштаган.

"Юсуповдун аялы Муса анын күйөөсүн буту менен тепкилегенин айтып атпайбы", - дейт Осмонов.

Бирок, Бердибаев бул окуя боюнча Юсупов жана анын адвокаты арыз жазбаганын айтып, 2012-жылдын 20-январында медициналык экспертиза жүргүзүүдөн баш тарткан дейт ал.

"Ошондуктан биз тергөөчүнү дициплинардык жоопкерчиликке тартуу үчүн рапорт да жаза алган жокпуз. Тергөөчүлөр тергөөчүнүн кабинетинде болгон окуяга жооп бериши керек. Аны балким атайылап ошол кабинетке сабаш үчүн алып барышы мүмкүн. Бул тергөөчүлөрдүн сүйүктүү ыкмасы: кабинетке бейтааныш кишини киргизет, тергөөчү атайылап сыртка чыгып кетет. Айыпталуучуну сабашат, тергөөчү кайта келип, өзүнүн укуктук иштерин улантат", - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД