Кенжебек Бокоев: Талап-тоноо боюнча күбөнү кимдир бирөө коркутууда

Тонолгон бардык объектерде болуп, ал жактан "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарын көргөм деген маанилүү көбү таксист Мирбек Бавалиевге кимдир бирөөлөр чалып атат. Бул тууралу 2010-жылдан 7-8-апрелиндеги талап-тоноочулук фактыларын иликтөө боюнча комиссия жыйынында "Республика" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев билдирди.

Бокоевдин айтымында таксистти министр менен тергөөчү коркутуп атат.

"Тергөөчү таксистин атасына "уулуңа түшүндүр", эгер ал да көрсөтм берсе түрмөгө камалат деп чалып атат. Бул эмне деген аракет? Күбөнү коргошубуз керек", - дейт ал.

Ал эми Курманбек Осмонов башкы прокурор Аида Салянова келип бул көйгөйдү уксун деп чакырды. Себеби, иликтөө группасы Салянова тарабынан түзүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД