Муса Төлөгөнов Абдулла Юсупов менен тааныш эместигин айтат

Депутат Райхан Төлөгөновдун баласы Муса Абдулла Юсупов менен тааныш эместигин айтты. Бул тууралуу ал 2010-жылдан 7-8-апрелиндеги талап-тоноо фактыларына атамекенчилердин тийиштиги бар жогун иликтөө боюнча комиссия жыйынында билдирди.

Комиссия төрагасы Курманбек Осмонов, Юсуповдун аялы Муса Төлөгөновду наркоманиядан айыктаргандыктан ал менен жакшы тааныш экенин билдирген, деп айтты. Осмонов Райкан Төлөгөнов да Рано менен тааныш экенин өзү айткандыгын эске салды. Ал Рано менен чогуу Мусаны маңзат көзкарандылыгынан айыктарганын кошумчалады.

Эске салсак, 15-августта "Республика" фракциясы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттарга 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноо иштери боюнча атайын тасманы көргөзгөн. Суракка алынган Абдулла Юсупов "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Райкан Төлөгонв жана анын баласы Мусага каршы көрсөтмө берген.

Талаш жараткан тасмадан кийин Жогорку Кеңештеги 5 фракция депутаттарынан турган атайын комиссия түзүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД