Паспортко болгон жаңы баа аныкталды

Экономика министрлигинин алдындагы атаандаштыкты өнүктөрүү департаменти Кыргызстан жарандарынын паспортун өздүктөштүрүү (ID-карт) боюнча "Инфоком" мамлекеттик ишканасында паспортторду ыкчам жасоо үчүн жаңы тарифтерди бекитти. Бул тууралуу департаменттин расмий сайтында жазалыт.

"Инфокомдон" "ВБ"га билдиргендей Кыргызстан жарандарынын паспортун (ID-карт) ыкчам даярдоо баасы эки нерседен турат – Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) документтештирүүсү жана "Инфоком" мамишканасынын өздүктөштүрүүсү.

Атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин билдиришинче, болгону өздүктөштүрүүдө гана баа өзгөрөт. Мындан ары ыкчам (2 жумуш күн) өздүктөштүрүү 500 сом, мурда 17 евро болчу. Ал эми өтө ыкчам (1 жумуш күн) 600 сом, буга чейин ал 20 евро болуп келген. Абдан эле шашылыш түрдө паспорт алуу (0,75 жумуш күн) 700 сом, ал буга чейин 23 евро болуп келген.

Ал эми документтештирүүгө болгон баа мурдагыдай эле "ыкчам" (8 жумуш күн) 18 евро, "өтө ыкчам" (4 жумуш күн) 20 евро, ал эми абдан шашылыш (2 жумуш күн) 22 еврону түзөт.

Бул тариф 2013-жылдын 1-апрелине чейин бекитилген. Департаменттен билдиргендей буга чейин тарифтин баасы евро менен көргөзүлгөн, антимонополиялык органдын талабы менен тарифтер сомго которулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД