"Газпром" "Кыргызгазды" менчиктештирүү боюнча программаны кайтадан карайт

Учурда "Кыргызгаз" ААКтын 75 пайыз акциясын менчиктештирүү иш чарасынын программасына "Газпром" ААКысынын катышуусу боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу 11-октябрда "Газпром" ААКынын маалымат башкарамалыгынан "ВБ"га билдирди.

Акционердик коомдун өкүлдөрү билдиргендей, учурда Кыргызстандын нефтегаз объектерин менчиктештирүүгө, өзгөчө "Кыргызгаз" менчиктештирүүгө катышуу мүмкүндүгү каралууда.

Орусиялык компания "Кыргызгаздын" 75 пайыз акциясын сатып алуу боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр кайсыл стадияда экенин айтышкан жок.

Болгону Кыргызстандын өкмөтү жана компаниясы эки тараптуу келишимдин негизинде өлкөнүн нефтепродук рыногун өнүктүрүү, ташуу жана өлкө аймагында жаратылыш газынын маркетинги тууралуу биргеликте иштейт.

"2011-жылдын февралында "Газпром" ААКы жана КР өкмөтү ортосунда биргеликте иштөө боюнча эки протоколго кол коюлган", - деп билдирди "Газпром".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД