Оштогу митингчилер нааразычылык акциясын улантуудан баш тартышты

Оштогу митингчилер түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин нааразычылык акциясына чыкпай калышты. Бул тууралуу Ош мэрисынын коом менен байланыш кызматынан ага адиси Гүлжан Ажиматова "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында кечээ, 11-октябрда, Ош шаар мэриясынын алдына МУККнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун тарапкерлери митинг уюштурган. "Ушуга байланыштуу мэрия жетекчилиги жана Ош ШИИБинин башчысы митингчилерге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Чогулган эл тарап, 12-октябрда нааразычылык акциясына чыкпайбыз дешкен", - дейт Ажиматова.

Ал ошондой эле кечээ митингчилер мэрия алдына боз үй тигүүгө аракет кылгандыгын, бирок милиция ага уруксат бербегенин кошумчалады. "Мэрия митингчилерге нааразычылык акциясын уюштуруу үчүн "Семетей" кинотеатры жактагы аянтчаны бөлүп берген. Бирок митингчилер баары бир мэрия имаратынын алдына чыгышты", - дейт ал.

Гүлжан Ажиматова уруксат берилбеген митингди уюштургандар жоопкерчиликке тартыларын же тартылбасын тактаган жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД