Кыргызстанда өндүрүш 9 айда 34 пайызга төмөндөгөн

9 ай аралагында Кыргызстандын ишканалары 81 млрд. 558,3 млн сомдук продукция өндүргөн. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 66,1 пайызын гана түзөт. Ошентип өндүрүштүн төмөндөшү 33,9 пайызды түздү. Ал эми былтыр ушул мезгилде өндүрүштүн көлөмү 25,5 пайызга өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Ошол эле убакта алтын кенин иштеткен Кумтөрдү кошпогондо өндүрүштүн өсүшү 7 пайызга жеткен. Жыйынтыктап айтканда Кумтөрдү кошпогондо 59,6 млрд. сомго өндүрүш продукциялары чыгарылган.

Улуттук статкомитеттен билдиргендей өндүрүш тармагынын өндүрүү күчү (алтын кенин иштеткен Кумтөрдү кошпогондо) 3 эсеге төмөндөп, январь-сентябрь айында болгону 7 пайызды түзгөн. Былтыр бул көрсөткүч 21,5 пайыз болгон.

Өндүрүштүн өсүшү тоо-кен иштетүү тармагында, машина жана жабдыктарды чыгаруу, электр энергиясын өндүрүү жана таратуу, газ жана суу тармагында байкалган.

2012-жылдын январь-сентябарь айларында абдан маанилүү болгон 517 түрдүү өндүрүш продукциясынын 45 аталыштагы продукциясы чыгарылган эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД