Бишкектин көчөлөрүнө октябрдын аягында видеокамераларды коюп баштайт

Октябрь айынын аяктары менен Бишкектин көчөлөрүнө укук бузгандарды аныктоо үчүн видоекөзөмөл системасы орнотула баштайт. Бул ишти 2013-жылдын башталышында аяктоо пландалган. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында ички иштер министринин орун басары Бактыбек Алымбеков билдирди.

Видоекөзөмөлдөө долбоорун кытайдын Beijing Construction Engeneering Group компаниясы ишке ашырат. Компания август айында өкмөт өткөргөн тендерде жеңип алган. Долбоордун наркы 4 млрд 505 миң. 983 сом 24 тыйын.

Алымбеков долбоорду баштоо үчүн 16-октябрда кытайлык компаниянын өкүлдөрү Бишкекке келе турганын билдирди.

Ал ошондой эле долбоор керектүү мамлекеттик органдардан текшерүүдөн өткөнүн белгиледи. Өзгөчө Минфиндин финансылык аудитинен, техникалык жана юридикалык экспертизадан өткөн.

Долбоор алкагында Бишкек, Ош шааларына жана Бишкек-Каракол (түштүк жээк аркылуу) авто жолуна видеокөзөмөлдөө орнотулат. Бир гана борбор калаада 1 700 видеокамера коюлат.

Шарт боюнча кытайлык компания бардык керектүү жабдыктарды сатып алат, ИИМдин талаптары боюнча программалык камсыздоону жана кызматкерлерди окутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД