Жээнбеков: Кыргызстанда маңзат трафигинен алынган акча шайлоого жумшалууда

"Кыргызстанда маңзат трафигинен алынган акча шайлоолорго жумшалып атат",- деп КСДП фракциясынын жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди.

Жыйында төлөө системасы жөнүндө мыйзам долбоору каралууда.

Жээнбековдун айтымында "маңзаттан алынган акча министрлерге менен депутаттарга барат".

"Кыргызстан – акча чайкоо аймагы. Маңзат трафигинен алынган акчалар шайлоону каржылоого жумшалып атат. Дүйнөлүк коомчулуктан жабык калган мамлекеттер бар. Алардын финансылык жана төлөө системасы да жабылган", - дейт ал.

Төрага ошондой эле Кыргызстандын дүйнөлүк коопсуздук системасына кирүүсү керектигин белгиледи.

"Арам акчаларды адалдоога каршы турган дүйнөлүк стандарттар бар. Биз өз мыйзамдарыбызды ФАТФдын стандарттарына туура келгидей кылышыбыз керек. Дүйнө азыр "арам" акчаларды адалдоодон коргонуу боюнча иштеп атат", - деди Жээнбеков.

Улуттук банктын төрайымы Бактыгүл Жээнбекова аталган мыйзам долбоорун даярдоого эларалык эксперттер катышкандыгын белгиледи. Жана Кыргызстан ФАТФдын талаптарына жооп бербей турганын айтып, "боз" тизмеде турат деп кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД