Каражат жок болгондуктан шаардык кеңешке шайлоо видеокөзөмөлсүз өтөт

Өкмөттүн планына шайлоо күнү видеокамераларды коюу кирбейт. Бул тууралуу "Республика" фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.

Ал эгер видеокөзөмөлдөөнү коюуга каражат булактары табылса анда шайлоого бир күн калганда аларды коюу мүмкүндүгүн айтат.

Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык кеңешке шайлоону 25-ноябрга белгилеген. Боршайкомдон билдиргендей дагы 24 шаарда шайлоо болот жана бардыгы болуп 2 030 шайлоочу катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД